Маанилүү жаңылыктар

Бишкекте жеке ишкер жайыт жерин максатсыз пайдаланып келгени аныкталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат Бишкек шаарына караштуу Биринчи май районунун “Озерный” айыл аймагында жеке ишкер жайыт жерин максатсыз пайдаланып келгенин аныктады. Маалыматка ылайык, жеке ишкер аталган жерге дан майдалоочу тегирмен куруп, иштетип келген.

Жыйынтыгында, аталган кызмат тарабынан жерди баштапкы калыбына келтирүү боюнча эскертүү берилип, “Укук бузуулар” кодексинин 241-беренеси, күрдүү кыртыштын катмарын алуу, сактоо жана жаткыруу шарттарын аткарбагандыгы үчүн айып пул салынды.

Show More
Back to top button