
Дүйнөлүк Банктын гранттык колдоосунун алкагында Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменттин Ош адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториясына европа өндүрүшүндөгү газ хроматографы алынып келинип, акыркы 3 ай ичинде жалпы 818 үлгү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, башкача айтканда бахча өсүмдүктөрү жана топурактын курамындагы хлорорганикалык пестициддердин калдыктарына химия-аналитикалык изилдөөлөр жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө Департаменттин Борбордук адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториясына республикалык бюджеттин эсебинен Россия өндүрүшүндөгү газ громатографы сатылып алынып, орнотуу жана адистери окутуу иштери аяктады.





