Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Борбордук Азияда өндүрүлгөн органикалык продукциялардын жана технологиялардын көргөзмө-жарманкеси өтөт

Борбордук Азияда биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы миинстрлиги тарабынан демилгеленген органикалык айыл чарбаны системалуу түрдө илгерилетүү жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүүгө жетишүүнүн тарапкерлерин бириктирген масштабдуу иш-чара “Органикалык Экспо – Борбордук Азия” аймактык форуму өткөрүлөт.
Форумдун алкагында 20-22-сентябрда Бишкек шаарынын А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын жеринде Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн органикалык продукцияларынын жана технологияларынын көргөзмө-жарманкеси өтөт.
Көргөзмө-жарманкеге коопсуз жол менен өстүрүлгөн продукциялар: жашылчалар, жемиштер (өрүк, алма, алмурут ж.б.), кургатылган жемиштер жана жаңгактар, ширелер, кыямдар, консервалар жана пасталар, дары чөптөр, чайлар, бал жана аары продуктылары жана башкалар коюлат.
Ошондой эле көргөзмө-жарманкенин алкагында экологиялык жактан таза продукцияларды өндүрүү жана дегустациялоо боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.
Сиздерди органикалык продукциялардын көргөзмө-жарманкесине чакырабыз.
20, 21 жана 22-сентябрда саат 9:00дон 18:00го чейин.

Show More
Back to top button