Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Республика боюнча 835 айыл таза суу менен камсыздалган

Ысык-Көлдө Кыргызстандын суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу боюнча координациялык кеңешме өттү. Аталган иш-чаранын максаты-суу ресурстарын пайдалануу жана коргоо боюнча комплекстүү жана натыйжалуу башкаруунун жолдорун издөө болуп саналат. Анда алардын экономикалык жана социалдык маанисин эске алуу менен ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруунун иш-аракеттери талкууланды.
Иш-чаранын алкагында ирригацияны, ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн изилдөө, алынган сабактарды талдоо жана суу чарба чөйрөсүнө инвестицияларды тартуу үчүн стратегияны түзүү милдеттери коюлду.
Кеңешменин жыйынтыгында суу ресурстарын жана суу чарба инфраструктурасынын объекттерин туруктуу башкаруу жана сарамжалдуу пайдалануу максаттары, мындан сырткары суу ресурстары кызматынын келерки жылга пландары талкууланды.

Белгилей кетсек, учурда өлкө боюнча калктуу конуштардын саны 1906 түзөт. 2001-2024 ж.ж аралыгында 835 айылда суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын куруу жана калыбына келтирүү жумуштары аткарылган.

Show More
Back to top button