Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Тамак-аш азыктары, суусундуктар жана тамеки өндүрүү багытында 415 ишкана катталды

2024-жылдын 10-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын аймагында тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктарды жана тамеки өндүрүү багытында азыркы убакта иштеп аткан 415 юридикалык ири жана орто ишканалар катталган, алардын ичинде облустар боюнча:
– Баткен облусунда-7, Жалал-Абад облусунда-38, Ош облусунда – 28, Ысык-Көл облусунда-25, Нарын облусунда-11, Талас облусунда-4, Чүй облусунда-136, Бишкек шаарында-146 жана Ош шаарында 20.
Ошондой эле, тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктарды жана тамеки өндүрүү багытында 10813 жеке ишкерлер катталган, алардын ичинен облустар боюнча:
– Баткен облусунда-1214, Жалал-Абад облусунда-1499, Ысык-Көл облусунда – 712, Нарын облусунда-562, Ош облусунда – 3021, Талас облусунда-194, Чүй облусунда-1815, Бишкек шаарында – 1093 жана Ош шаарында 703.
Республиканын кайра иштетүүчү өнөр жайынын продукциясынын жалпы көлөмүндө тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктар жана тамеки өндүрүү боюнча ишканалардын үлүшү отчеттук мезгилде 21,4 % ды түздү.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча 2024-жылдын январь-июль айларында айыл чарба продукциясын кайра иштетүү өнөр-жай ишканалары тарабынан учурдагы баа менен 45148,1 млн сом көлөмүндө тамак-аш азыктары, ага кирген суусундуктары жана тамеки өндүрүлгөн, физикалык көлөмдүн индекси– 120,0 % түзгөн
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-августуна карата ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин аймагы боюнча өткөрүлүүчү контролдонуучу товарларды өндүрүүнү, кайра иштетүүнү жана (же) сактоону жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын уюмдарынын жана жактарынын реестринде болгону 400 субъект катталган, анын ичинде сүт продукциясын өндүрүү боюнча – 44, бал чогултуу жана сатуу – 68, балык кайра иштетүү – 44, термикалык иштетилген эт азыктарын өндүрүү – 21, улуттук сүт азыктарын өндүрүү – 3, касапкана – 11, тирүү малды өстүрүү жана сатуу – 35, канаттууларды кайра иштетүүчү ишканалар – 10, мал азыгын өндүрүү жана сатуу – 23, жаныбарлардан алынган азыктарды сактоо жана сатуу – 126, жаныбарлардан алынган сырьену (ичеги, жүн, тери) кайра иштетүү – 14, ветеринардык препараттар – 1.

Show More
Back to top button