Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Тогуз-Торо районунда алгачкы жолу жүгөрүдөн чыктуу тоют камдалды

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна алгачкы жолу жүгөрүнү майдалап чабуучу комбайн алып келинди. Жаңы техниканын жардамы менен талаадагы жүгөрү чабылып, артыкчылыктуу технологиясы менен силоско бастырылды. Айтсак, Тогуз-Торо районуна Союз урагандан кийин быйыл биринчи жолу чыктуу тоют даярдоо максатында “Аталык” сортундагы жүгөрү үрөндөрү алынып келинип 25 га жерге себилген.
Белгилей кетсек, буга чейин силостун малга жагымдуулугу, кирешелүүлүгү, сиңимдүүлүгү, малга керектүү негизги азыктарга бай экендиги тууралуу аймактын фермер дыйкандарына Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адистери окуу-семинарларын өткөрүшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Show More
Back to top button