Маанилүү жаңылыктар

Жыл аягына чейин дыйкандарга 1200 ашык айыл чарба техникасын лизингге берүү пладалууда

Акыркы жылдары суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын толуктоо, жаңылоо жана айыл чарба техникалары менен камсыздоо үчүн бир катар иш-чаралар аткарылып келет.

Дыйкандарга механизациялаштырылган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү, лизингдин өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосунун негизинде «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» ачык акционердик коомдору аркылуу 7 лизинг долбоору түзүлүп,  айыл чарба техникаларын жана жабдууларын лизингге берүү аракети ишке ашып жатат.

Банктар аркылуу дыйкандарга лизингге айыл чарба техникаларынын бардык түрлөрү, кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулары жеңилдетилген шарттарда жылдык үстөгү пайызы 6% менен 7 жылдык мөөнөткө лизингке берилүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата бардыгы болуп 17,5 млрд. сомго 6836 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди. Анын ичинен 2024-жылы 3,1 млрд. сомго 924 техника берилген. Жылдын аягына чейин лизинг долбоорлору боюнча дыйкандарга 4,5 млрд. сомго 1200 ашык айыл чарба техникаларын берүү пладалууда.

Show More
Back to top button