Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргызстанда жана коңшу өлкөлөрдөгү азык-түлүккө болгон баалар

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 2024-жылдын 4-сентябрына карата Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы сыяктуу чет өлкөлөр менен Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк продуктуларына болгон бааларга салыштырмалуу мониторинги жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын салыштырууга алынган шаарларынын азык-түлүк продуктыларына болгон баа, коңшу Казакстан Республикасынын базар бааларынан 13,59 % га жана Россия Федерациясынан 16,17 % га төмөн экендиги аныкталды.
Эске салсак, өткөн аптага салыштырмалуу Кыргыз Республикасынын салыштырууга алынган шаарларынын азык-түлүк продуктыларына болгон баа 1,86% га жогорууласа, коңшу Казакстан Республикасынын базар баалары 1,05 % га, ал эми Россия Федерациясы 0,08 % га жогрулагандыгы байкалды.
Мисалы, бир аптанын ичинде Бишкек шаарынын ички рыногунда продуктылардын баалары Каймак майы 15 сомго, уй эти 60 сомго, тоок жумурткасы 5 сомго жогорулаган.
Ош шаарында пастерленген уй эти 10 сомго, кой эти 35 сомго жогоруулаган.
Каракол шаарында азык-түлүкө болгон баа туруктуу жана бир аптанын ичинде өзгөрүүлөр байкалган жок.
Казахстан Республикасына караштуу Актөбө облусундагы азык-түлүкө болгон баалар пастерленген сүткө жана уй этине баа жогоруулагандыгы байкалган.
Костонай облусунда макарон 1 сомго, сабиз 1 сомго жана картөшкө 1 сомго жогоруулаган.
Карагандада азык-түлүктүн баасы турукту болгону уй эти 5 сомго жогоруулаган.
Россия Федерациясына караштуу Тюмень облусунда нандын баасы 1сомго жогоруулаган.
Саратов облусунда тоок жумурткасы 2 сомго жогоруулаган.
Красноярск облусунда макарон, кумшекер, рожки сыяктуу продуктыларына 2 сомго жогоруулаган.

https://docs.google.com/spreadsheets/d/11aU6H_CNWJSlvXqUwOt4dMHwx9ES19a0/edit?usp=drive_link&ouid=107353448752551260144&rtpof=true&sd=true
Show More
Back to top button