Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Кадастр” мамлекеттик мекемесиндеги коррупциялык фактыларга байланыштуу билдирүү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

“Кадастр” мамлекеттик мекемесиндеги коррупциялык фактыларга байланыштуу билдирүү

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбеков атайын түзүлгөн комиссия мүчөлөрү менен жолуккандан кийин, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери менен жолукту. Алар 200дөн ашык кызматкердин колу коюлган ишкананын жамаатынын кайрылуусун тапшырышты.

Министр кайрылуунун негизинде, ишкананын иши менен таанышуу максатында эмгек жамааты менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн укту. Андан соң, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги жана адистери менен жолугуп, архивдик жана арыздарды каттоо, кабыл алуу процесстери менен таанышты.

Министр белгилегендей, Мамлекеттик реестрге киргизилген башкаруу тутуму башка ведомстволордо, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинде дагы колдонулушу керек.

«Менин оюмча, ал жерде бир топ иштер жогорку деңгээлде жүргүзүлгөн. Мен эч кандай кезек күтүү процессин көргөн жокмун. Бул абдан маанилүү», – деп кошумчалады Аскарбек Джаныбеков.

Атайын түзүлгөн комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат кат даярдалып, ал укуктук баа берүү үчүн тергөө органдарына берилет.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button