
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык чарба комплекси департаменти тарабынан 2024-жылга карата балык чарбалык маанидеги көлмөлөрдүн суу бетинин (акваториясындагы) учурдагы аянтын аныктоо боюнча иштери өткөрүлүүдө.
Аталган иш-чаралар комиссия түрүндө, ченөө иштери Garmin GPS MAP 64S GPS навигаторунун, 5-1500м алыстыкты өлчөгүчтүн жана GPS Fields Area Measure PRO мобилдик колдонмонун жардамы менен жүргүзүлүүдө.