Маанилүү жаңылыктар

Ири, майда мүйүздүү малдарды экспорттоо убактылуу токтотулду

“СИОЖ” системасында Айыл чарба жаныбарларын идентификациялоого инвентаризация жүргүзүүгө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы Ветеринардык кызмат тарабынан үчүнчү өлкөлөрдүн дарегине ири мүйүздүү малдарды, майда мүйүздүү малдарды жана жылкыларды экспорттоого уруксат берүү убактылуу токтотуусун билдирет.


Аталган чара өлкөдөгү айыл чарба малдарынын так эсебин камсыз кылууга, ошондой эле ветеринардык жана санитардык нормалардын сакталышына контролду жогорулатууга багытталган. Бул биздин ички республикалык жана эл аралык өнөктөштөрүбүзгө көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.


Инвентаризация 15-20 күнгө созулат, андан кийин экспортко уруксат берүү процесси улантылат. Ушул мезгилде берилген бардык арыздар инвентардык иш-чаралар аяктагандан кийин дароо артыкчылыктуу тартипте каралат.


Экспортко уруксаттарды берүүнү улантуу жөнүндө маалымат кошумча жарыяланат.

Show More
Back to top button