Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Республика боюнча канча мал жандык бар экендиги айтылып, ага канча тоют керектелээри белгилүү болду

2024-жылда республика боюнча жалпы ири мүйүздүү мал 1802299 баш мал катталган, анын ичинен саан уй 902244 баш, жылкы 542527 баш, кой-эчкилер 6216125 баш, үй канаттуулары 6988968 жана чочколор 29676 баш.
2024-2025-жылга мал кыштатууга (ири мүйүздүү мал, жылкы, кой –эчкилер, үй канаттуулар жана чочколор) жалпы 5 387.9 миң тонна тоюттар керектелет.

  • анын ичинен кесек тоют (чөп, сенаж, саман) – 3621,0 миң тонна,
  • силос – 325.0 миң тонна,
  • азык тамырлануучу тоюттар -216,5 миң тонна
  • концентраттар – 1 225.4 миң тонна тоют керектелет.
    2024-жылдын сентябрь айына карата жалпы 4389.3 миң тонна тоюттар жыйналды же 2024-2025-жылга мал кыштатууга керектеле турган тоюттардын 81 пайызы даярдалды.
    Даярдалган тоюттар;
    -жалпы кесек тоют- 3527.8 миң тонна (97%);
    -аралашма тоютка дан азыктар 798.1 миң тонна (65%);
    -чыктуу тоют – 63.4 миң тонна (0,19 %) даярдалды.
    Чыктуу тоютка даярдалган тоют өсүмдүктөрү сентябрь, октябрь айларында жыйналат.
    Республика боюнча сентябрь айына карата тоюттардын орточо баасы;
    Табигый чөп 1 түк 18-20кг -160-180 сом.
    Беде чөп 1 түк 18-20кг – 200-220 сом
    Арпа саман 1 түк 18-20кг – 60-70 сом
    Буудай саман 1 түк 18-20кг -50 сом
    Буудай 1 кг -13-14 сом
    Арпа 1 кг – 11 сом
    Жүгөрү 1 кг – 16 сом.
Show More
Back to top button