Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Самарканд, Навои жана Карши базарларында кыргыз картошкасы тоскоолдуксуз сатылат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин адистери Өзбекстанда болуп, кыргыз картошкасын сатуу пунктарын аныктап келишти.
Министрликтин жооптуу кызматкерлери Өзбекстандын Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу департаментинин директору менен жолугушуп, жолугушууда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаевдин 5-сентябрда боло турган иш сапарынын максатын жана жол картасын даярдоо боюнча талкуу кылышты.
Андан соң Министрликтин адистери УзТрейд мамлекеттик компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Аталган компания Кыргызстандан картошка, буурчак жана жаңгак импорттоого кызыкдар экендигин билдиришти.
Иш сапардын жыйынтыгында Самарканд, Навои жана Карши шаарларынын базарларында кыргыз картошкасы тоскоолдуксуз сатыла тургандыгы аныкталды. Өзбекстандын агрардык өнүктүрүү кызматкерлери кыргыз фермерлеринин жергиликтүү рынокко чыгуусуна көмөктөшүүгө даяр.
Белгилей кетсек, Кыргыз картошкасы учурда Андижан жана Фергана шаарларынын базарларында сатылууда, жана аталган шаараларга экспортту көбөйтүүгө мүмкүнчүлүктөр бар экендиги айтылды.

Show More
Back to top button