Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Өсүмдүктөрдүн зыяндуу жана зыянсыз экендигин аныктоо боюнча 40 миңге жакын экспертиза жүргүзүлдү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан өсүмдүк айыл чарба продукцияларынан карантиндик объекттерди жана жөнгө салынуучу карантиндик эмес зыяндуу организмдерди аныктоо максатында, 2024-жылдын 8 айында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияларына жалпы- 14783 даана үлгү түшкөн, анын ичинен:

– импорттук карантинге алынган продукциядан 6377 даана үлгү;

– экспорттук карантинге алынган продукциядан 6291 даана үлгү;

– изилдөө иш-чараларынан 1264 даана үлгү;

– кайрылулар боюнча 249 даана үлгү.

Жалпы лабораториялар 39551 экспертиза жүргүзгөн, анын ичинен 13 түр карантиндик зыяндуу организмдер (калифорния калканчысы, кызыл карагай кара муратчаны, мөмө жемиш бактарынын бактериалык күйүк оорусу, Комсток курту, тыт калканчысы, чыгыш мөмө жегичи, алча чымыны, сары чырмоок, сойломо кекире, томаттын мозаика пепино вирусу, күрөн бырыш томат вирусу, томат күбөсү, типограф кабык жегичи) аныкталган.

Ошондой эле импорттук үрөн-көчөт материалдары боюнча 8 айда өсүмдүктөрдүн карантин боюнча лабораторияларына импорттук карантинге алынуучу продукциядан 2260 даана үлгүсү келип түшкөн, анын ичинен 2028 даана көчөттөн жана 232 үрөндөрдөн, карантиндик-зыяндуу организмдерди аныктоого 6780 экспертиза жүргүзүлгөн.

Show More
Back to top button