Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Таласта экспортко багытталган мөмө жемиштер үчүн 4 жарым млн сомго тоңдургуч алынды

Талас облусунун Манас районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүнө төрт жарым миллион сомго мөмө жемишти тоңдура турган жабдык жана 20 тонналык эки муздаткыч алынып берилди.

Жабдыктын жардамы менен айыл чарба продукциясын керектүү температурада тоңдуруп, андан ары муздаткычта сактап, аны коопсуз шартта экспортко чыгарууга мүмкүнчүлүк жаралат.

Аталган айыл өкмөтүндө кийинки убактарда мөмө жемиштин кулпунай жана малина азыктарын өстүрүүгө өзгөчө басым жасалып келет. Тоңдургуч жабдыгы азыкты -45 градуска чейин тоңдуруп, андан кийин -25 градуска чейин муздата турган муздаткычка жайгаштырылат. Ошол эле учурда анын температурасын керектүү деңгээлде өзгөртүп турууга болот.

Жабдыктар Кытайдын ири технологиялык заводдорунан алып келинген жана ал аймактагы дыйкан фермерлердин экспортко багытталган продукциясын коопсуз сактоо үчүн сатып алынган.

Show More
Back to top button