Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Бир жума ичинде азык-түлүк продуктуларына болгон баалар

Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 2024-жылдын 29-августуна карата Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы сыяктуу чет өлкөлөр менен Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк продуктуларына болгон бааларга салыштырмалуу мониторинги жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында Кыргызстандын салыштырууга алынган шаарларынын азык-түлүк продуктыларына болгон баа, коңшу Казакстан Республикасынын базар бааларынан 14,3 % га жана Россия Федерациясынан 17,6 % га төмөн экендиги аныкталды.
Эске салсак, өткөн аптага салыштырмалуу өлкөдөн салыштырууга алынган шаарларынын азык-түлүк продуктыларына болгон баа 0,29% га жогорууласа, коңшу Казакстан Республикасынын базар баалары 0,2 % га, ал эми Россия Федерациясы 2,7% га жогрулагандыгы байкалды.
Мисалы, бир аптанын ичинде Бишкек шаарынын ички рыногунда продуктылардын баалары Каймак майына 10 сомго, сабиз 2,5 сомго жогорууласа, картошка 5 сомго төмөндөгөн.
Ош шаарында пастерленген сүт-4,5 сомго, өсүмдүк майы-5-сомго, каймак майы-7 сомго, уй эти-10 сомго, сахар-1,5 сомго, картөшкө-2,5 сомго, жогорууласа, сабиз-2,5 сомго төмөндөгөн.
Каракол шаарында уй эти 15-сомго, жогорууласа, кумшекер-5 тыйынга, картөшкө-5 сомго төмөндөгөн.
Казахстан Республикасына караштуу Актөбө облусундагы азык-түлүкө болгон баалар 1 сорттогу буудай-2 сомго, күрүч- 8 сомго, жогоруулаган, картөшкө-7 сомго, сабиз-17сомго төмөндөгөн. Костонай облусунда каймак майы-1сомго, тоок жумурткасы-5 сомго жогоруулаган. Карагандада азык-түлүктүн баасы турукту болгону картөшкөнүн баасы-3 сомго жогоруулаган.
Россия Федерациясына караштуу Тюмень облусунда 1 сорттогу буудай-11сомго, уй эти-9 сомго, макарон азыктары 31-сомго, картөшкө-22-сомго, сабиз-14 сомго, баш пияз-9 сомго жогорууласа, пастерленген сүт-5 сомго, кумшекер-14 сомго, тоок жумурткасы-19 сомго төмөндөгөн. Саратов облусунда импорттолгон ундун баасы-11 сомго, пастерленген сүт-6 сомго, каймак майы-170 сомго, уй эти-17 сомго, кой эти-78 сомго, макарон-7 сомго, сабиз-20 сомго, картөшкө-16 сомго, баш пияз-13 сомго жогорууласа, өсүмдүк майы-21 сомго, тоок жумурткасы-27 сомго төмөндөгөн. Красноярск облусунда азык-түлүктүн баасына болгон өзгөрүү болгон жок.
Азык-түлүк продуктуларына болгон баалар боюнча кененирээк төмөнкү шилтемеден таныша аласыздар:

https://docs.google.com/spreadsheets/d/1apjgb0xOHe_v1NwN4bZg5uPUx3eMYJY_/edit?usp=drive_link&ouid=107353448752551260144&rtpof=true&sd=true

Show More
Back to top button