
Ысык-Көл районуна караштуу Сары-Камыш айылындагы “Агрокуш” ЖЧКу канаттуулар фабрикасынын №2 аянтчасы аяктап, 24 тоок сарайы ишке берилди. Иш чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облус жетекчилиги жана район тургундары катышты. Аталган ишкана аймактагы ири инвестициялык долбоорлорго кирет. Ал Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун 100-жылдыгына карата Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоорду илгерилетүүнүн алкагында ишке ашып отурат.
Жалпысынан инвестициянын көлөмү – 10,3 млн АКШ долларын түзсө анын кубаттуулугу кубаттуулугу – жылына 12,1 мин тоннага барабар. Долбоор жалпысынан 400гө чукул адамды иш орундары менен камсыз кылат.
Белгилей кетсек, ишке ашырылып жаткан 100 долбоор балык чарбасында 14 долбоор, канаттуулар чарбасы – 12 долбоор, логистикалык борборлор жана кампалар – 13 долбоор, питомниктер – 11 долбоор, мал чарбасында – 8 долбоор, илимий-агартуу демилгелеринде -7 долбоор, жүн иштетүүдө – 5 долбоор, сүт багытында – 5 долбоор, машина-трактор станциялары – 3 долбоор, айыл чарба өсүмдүктөрүндө – 18 долбоорду камтыйт.
Жалпы демилгелердин ичинен 32 долбоор мамлекеттик, ал эми 64 долбоор жеке болуп саналат.




