Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргызстандын картошкасы Өзбекстанда сатыла баштады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги картошканы Өзбекстанга экспорттой баштады. Атап айтканда, Кыргызстандын картошкалары Фергана шаарындагы «Дехкан» базарында сатыкка чыкты.


Өзбекстанда Ноокат картошкасы дүң баада 4400-4500 сум (29-30 сом) ал эми чекене 5200 сум (35 сом) сатылса, Ысык-Көл картошкасы дүң баада 4700-4800 сум (31,2-32,2 сом) чекене баада 5500 (37) сомдон сатылууда. Ал эми Наманган шаарында картошка – 4500 сум (30,2) сомдон сатыкта турат.
Азыркы учурда Кыргызстандан картошка жүктөп барган оор жүк ташуучу унаалар 3-4 күндүн ичинде подукцияны сатып түгөтүүдө.


Белгилей кетск, жүк ташуучу унаалар унаа токтоочу жайүчүн күнүнө – 180 сом акы төлөшөт.
Эске салсак, министрлик буга чейин картошканы эл аралык рынокко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүн, тоскоолдуктары жана аларды жоюу жолдору боюнча жыйын өткөргөн. Анда ата мекендик өндүрүүчүлөр менен бирге картошканы Өзбекстанга экспортоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Ошондой эле, учурда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин адистери аталган продукцияны экспорттоо жолдорун аныктоо үчүн Өзбекстандын соода жайларына жеринен мониторинг өткөрүшүүдө.

Show More
Back to top button