
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери жер-жерлерде зыянкечтерге, илдеттерге жана ооруларга карата дыйкан фермерлерге консультацияларды берип, окууларды өткөрүүдө.
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Камыш айыл аймагына караштуу Кара-Жыгач айылынын дыйкан, багбандары менен мөмөлүү бак-дарактардын, кара өрүктүн карантин зыянкечи бологон тыт калканчысына жана башка зыянкеч, илдеттерине каршы күрөшүү боюнча окуу семинар өткөрдү.
Семинарга Аксы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адистери, айыл аймак башчылары, Жалал-Абад облустук өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин башкармалыгынын көкүлдөрү катышууда.





