Маанилүү жаңылыктар

Нарын шаарында мыйзамсыз ээлеп алынган 18 объект аныкталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы Нарын шаарындагы жерлерди мыйзамсыз ээлеп алып иштетип жаткан 18 объектти аныктады.

Атайын текшерүүнүн натыйжасында комиссия менен биргеликте мыйзамсыз коюлган күркөлөр, жол жээгине чыгып кеткен жерлер жана жарнама такталары алынды. Азыркы учурда бул боюнча жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Show More
Back to top button