Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кадамжай районунда ижара мөөнөтү аяктаган жерлер кайра ижарага берилет

Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкаруусуна өткөрүп алынган мамлекеттик фондунун жерлердин ижаралык мөөнөтү бүткөн жалпы аянты 1813,11 га жер аянттары сынак аркылуу ижарага берилет.

Анын ичинен сугат айдоо 399,06 га.

Кайрак айдоо 586,2га.

Көп жылдык бак дарактар 206,54га.

Чөп чабындылар 383,8га.

Кысыр аңыз жерлерден 236,71га.

“Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ №25 Жарлыгын жана 2021-жылдын 17-декабрындагы “Айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 309  токтомун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы «Жер –укук мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченемдерине өзгөртүүлөрдү киргизуу жөнүндө» № 494-токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19- сентябрындагы   №329-НИ буйругу менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 28- мартындагы №120-НИ буйругу менен толукталган “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларга, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык жактан артыкчылыктуу субъекттерине берүүнүн тартиби”жөнүндөгү жалпы жобого   негиз;            Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөн чарбаларына, асыл тукум чарбаларына, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык артыкчылыктуу субъекттерине конкурстун негизинде төмөнкү жер аянттары ижарага берилет:      

Ижарага жер алуучулар ММК жарыяланган күндөн баштап 10 күндүн ичинде Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына арыз менен кайрылсаңыздар болот.       Дареги: Кадамжай шаары  Кадамжай айондук мамлекеттик администрациясынын имараты,1-кабат.Тел: 0779904066 Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондунун жерлерин алуу үрөнчүлүк, асыл тукум чарбалары жана   айыл чарба кооперативдери райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына КР Суу ресурстары Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан бекитилген формага ылайык арыз беришет.   

Арызга төмөнкүлөр тиркелет.

1. Арыз ээсинин -жеке жактын ким экендигин тастыктаган документтердин көчүрмөсү же юридикалык жакты каттоо жөнүндөгү күбөлүктүн көчүрмөсү.

2. Берилген жерлерге тиешелүү графикти тиркөө менен болжолдонгон салымдардын суммасын  белгиленген инвестициялык долбоор.

3. Берилген жерлерди которуштуруп айдоо планы.

4. Берилген жерлерде айыл чарба ишин ишке ашыруунун жаңы технологияларын (тамчылатып сугаруу, айыл чарба иштерин жүргүзүүнү механизациялоо ж.б.) пайдалануу жөнүндө маалымат

5. Пайдаланып жаткан жер участоктору болгон учурдагы маалымат (кадастрдык маалымат,укук белгилөөчү жана укук ырастоочу документтер).

6. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик статисттика органдарынан, салык кызматынан жана социалдык фондтон  карыздары жоктугу жөнүндө маалымат жана акыркы үч жылдагы үзгүлтүксүз иш-аракеттери жөнүндө маалымат.

7. Айыл чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу үчүн материалдык техникалык базасыжөнүндө маалымат.

8. Айыл чарба кооперативдерин кошпогондо, үрөн же асыл тукум чарбасынын тиешелүү статусунун болушу;

9. Зарыл кадрдык камсыздоо жөнүндө маалымат.

Айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүдө оң натыйжага ээ болгон экономикалык артыкчылыктуу айыл чарба субьекттерине койулуучу талаптар;

1. Арыз ээсинин -жеке жактын ким экендигин тастыктаган документтердин көчүрмөсү же юридикалык жакты каттоо жөнүндөгү күбөлүктүн көчүрмөсү.

2. Айыл чарба ишин ишке ашыруу боюнча инвестициялык долбоору;

3. Айыл чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу үчүн материалдык техникалык базасыжөнүндө маалымат.

4. Зарыл кадрдык камсыздоо жөнүндө маалымат.

5. Пайдаланы жаткан жерлеринин болушу;

Айыл чарба кооперативдерине карата талаптар;

1. юстиция органдарынан белгиленген тартипте катталуусу;

2.кооперативдин айыл чарба ишинин мөөнөтү үзгүлтүксүз үч жылдан кем болбошу керек;

3. кооперативдин иш кагаздарын жана бухгалтердик эсепти жүргүзүүсү;

4.Айыл чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу үчүн материалдык техникалык базасыжөнүндө маалымат.

5.Зарыл кадрдык камсыздоо жөнүндө маалымат.

Асыл тукум чарбалары үчүн кошумча маалыматтар;

1. асыл тукумдугун каттоо жөнүндө маалымат.

2.Жугуштуу жана курч жугуштуу оорулар боюнча чарбанын жыргалчылыгы жөнүндө ветеринардык маалымат.

Үрөн чарбалары үчүн кошумча маалымат.

1.Жакынкы үч жылга ар бир айыл чарба маданияты боюнча үрөн өндүрүү жана сатуунун көлөмүн, үрөн сатуунун болжолдуу булактарын эсептөо менен айдоо аянттарынын иш жүзүндөгү түзүмү жөнүндө маалымат;

Show More
Back to top button