Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министрлик Өзбекстанга картошка экспорттоочуларды кызматташууга чакырат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги картошканы Өзбекстанга экспорттоого кызыктар тараптарды, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү кызматташууга чакырат.


Учурда министрликтин жооптуу кызматкерлери аталган азыкты экспорттоо жолдорун аныктоо үчүн Өзбекстандын соода жайларына жеринен мониторинг өткөрүшүүдө. Учурда алар онго жакын ири соода жайларынын администрациялары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.


Анын жыйынтыгында, Кыргызстандан өндүрүлгөн картошка Өзбекстандын «Корзинка» ири соода тармагында сатылуусу күтүлүүдө. Ташкент шаарында эле 12 ири чекене жана дүң соода борборлору бар. Учурда коңшу өлкөдө картошкага болгон суроо талап жогору экендиги аныкталды.


Бардык кызыктар тараптар, суроолор боюнча министрликтин адисине төмөнкү номер аркылуу байланыша алат: 0702844844.


Белгилей кетсек, министрлик буга чейин картошканы эл аралык рынокко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүн, тоскоолдуктары жана аларды жоюу жолдору боюнча жыйын өткөргөн. Анда ата мекендик өндүрүүчүлөр менен бирге картошканы Өзбекстанга экспортоо маселеси да талкууланган.

Show More
Back to top button