Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министрлик агроөнөр жай комплексинин ассоциацияларынын бирикмеси менен кандай шартта кызматташат?

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Агроөнөр жай комплексинин ассоциацияларынын бирикмесинин толук кандуу мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Бакыт Төрөбаев  ассоциация өкүлдөрүнө алдыга койгон максаттарын, багыттарын жана милдеттерин колдоого алып, кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Министрлик Агроөнөр жай комплексинин ассоциацияларынын бирикмеси менен төмөндөгү шартта гана кызматташууга даяр: 

– республиканын айыл жергесинде өлкөнүн 65 пайызга жакын калкы жашагандыктан, агрардык багытта өз ишмердигин жүргүзгөн карапайым дыйкандарды колдоп, тыгыз иштешүү;

– айыл чарба продукцияларын өндүргөн жарандардын кирешелерин көтөрүүнү ар тараптан колдоого алуу;

– айыл чарба өндүрүшүн уюштуруу, өндүрүлгөн продукцияны дыйкандардан сатып алуу, кайра иштетүү, экспорттоо маселелерин жолго коюу;

 – элеттеги таза суу жана ирригация көйгөйлөрүнүн чечүүгө көмөк көрсөтүү;

– “Бир райондо – бир продукция” деген адистештирүү программасын жайылтуу; 

– жаңы инновациялык технологияларды киригизип, асыл-тукум мал чарба, үрөнчүлүк тармактарына Мамлекеттик Инвестициялар Программалары, жеке-өнөктөштүк жана жеке инвестицияларын тартууга;

– ар бир айылда айыл чарба тармагынын бардык багыттары боюнча алдыңкы ишкерлери – “чемпиондорду” даярдап, өстүрүп, чемпиондор менен бирдикте айылдын калкын алдыга ээрчитип кетүү;

Министр Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө жогоруда белгиленген багыттардын негизинде Агроөнөр жай комплексинин ассоциацияларынын бирикмеси айылды ар тараптан көтөрүүгө далалат кылып жаткан Президенттин, Министрлер Кабинетинин саясатын, иш-аракеттерин колдоп, жаңы идеяларды жана прогрессивдүү сунуштар боюнча жардам берип, биргелешкен Меморандум түзүп тыгыз кызматташууга чакырды.

Өз кезегинде Агроөнөр жай комплексинин ассоциацияларынын бирикмесинин төрагасы Эрлист Акунбеков президент Садыр Жапаров, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тарабынан жүргүзүлүп жаткан айыл чарба тармагындагы саясий багытка ылайык, биринчи ирээт айыл чарбасында ири өзгөрүүлөр, жаңылануулар орун алып, өтө жогорку деңгээлде колдоолор болуп жатканын белгиледи.

“Кыргыз Республикасынын   агроөнөр   жай комплексин андан ары өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-июлундагы Жарлыгына ылайык айыл чарба тармагын жаңы деңгээлге көтөрүү боюнча Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан бир нече багыттар аныкталып, масштабдуу иш-аракеттер көрүлүүдө. 

Show More
Back to top button