Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Токтогул суу сактагычындагы Осётр балыгынын камдыгы көбөйтүлөт

Президент Садыр Жапаровдун Кара Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына байланыштуу чыгарган Жарлыгына ылайык, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоорду илгерилетүүдө. Бүгүнкү күндө агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоордун алкагында 96 долбоорду ишке ашырууда.

Бул долбоордун алкагында Токтогул шаарына караштуу Жаңы-Жол айылында “Азия Продукт” ишканасы менен  Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Балык чарба департаменти жана Токтогул шаардык мэриясы өнөктөштөр катарында мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк принцибинде  жылдык кубаттуулугу 1 млн 250 миң даана болгон  осётр балыгынын  чабагын  өстүрүүчү инкубациялык цехтин курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

Курулуштун жалпы сметалык наркы 30 милион сомду түзөт. Объектини куруу иштери аяктагандан кийин 20-25 жергиликтүү тургун иш орду менен камсыз болот.  Бул курулуштун максаты – Токтогул суу сактагычында осётр балыгынын камдыгын (запасын) көбөйтүп, экспортко чыгарып  райондун экспорттук потенциалын  жогорулатуу болуп саналат.

Show More
Back to top button