Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Быйыл Ысык-Көл, Чүй облустарында картошканын түшүмдүүлүгү жогору болууда

2024-жылга карата оруп-жыйноо иштеринин ыргагы өткөн жылга салыштырмалуу жогорку деңгээлде жүрүүдө. Алсак, картошка 310,0 миң тонна казылып алынып, өткөн жылдан 22,0 миң тоннага көп. Орточо түшүмдүүлүгү 170,0 ц/га түзүп, өткөн жылга караганда 4,2 ц/га жогору болууда. Жогорку көрсөтүчтү Ысык-Көл, Чүй облустарында гектарынан 184,0 центнерден алышууда.
Ошондой эле, жашылча-бахча өсүмдүктөрүн жыйноо ыргагы жакшы жүрүп, 538,5 жана 221,2 миң тонна жыйналып, былтыркыдан 21,8 миң тонна жогору болууда. Ал эми кылкандуу дан эгиндеринин (буудай, арпанын) – 398,8 миң га жыйналды, же 81,2 % түзүп, өткөн жылдан-83,2 миң га көп. Анын ичинен:

  • 200,1 миң га буудай, же 83,2 %, өткөн жылдан 46,1 миң га көп;
  • 198,8 миң га арпа – 79,3 %, же өткөн жылдан 37,2 миң га көп.
    Орточо түшүмдүүлүк буудайдан 29,2 ц/га, арпадан – 26,7 ц/га, алынып, өткөн жылдагыдан – 6,4-4,8 ц/га жогору. Дүң жыйым бункердик салмак менен алганда 1114,0 миң тонна (буудай, арпа) жыйналып, өткөн жылга салыштырмалуу – 439,0 миң тоннага көп топтолду, алсак:
  • буудай -584,0 миң тонна топтолуп, же 240,3 миң тоннага көп;
  • арпа – 530,0 миң тонна топтолуп, 198,7 миң тоннага көп болду.
    Буудайды себүүдө жогорку агротехниканы колдонуу менен Чүй, Жалал-Абад жана Талас облустарынын фермерлери орточо 31,0 ц/га алышууда. Учурда Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо иштери аяктаган жерлерге экинчи түшүм үчүн жүгөрү силосу жашылча ж.б. айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү иштери жүрүп жатат.
    Белгилей кетсек, кылкандуу дан эгиндеринин жыйноого 810 дан жыйноочу комбайндар катышууда, бул өткөн жылдан 53 комбайнга көп.
Show More
Back to top button