Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

“Органик Экспо 2024” форумуна 12 өлкөнүн өкүлдөрү катыша тургандыгын билдиршти

“Органик Экспо 2024” аймактык форумунун башталышына аз гана убакыт калды  жана иш-чарага болгон кызыгуу тездик менен өсүүдө. 2024-жылдын сентябрь айынын 20-22-чейин Бишкекте органикалык айыл чарбасынын зарыл болгон маселелерин талкулоого борбордук аянтча түзүлөт. Азыркы күндө форумга катышууга 12 өлкөнүн өкүлдөрү билдиришти.

Форумду  КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жана КР Президентинин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча  беш жылдык иш-аракеттер программасын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгы уюштурууда. Алардын жетекчилигинин астында форумга 200дөн ашуун катышуучу, алардын ичинде экологиялык жактан таза продукциянын келечеги, алардын жеткиликтүү жана климаттын өзгөрүшүнө тийгизген таасирин талкуулоого даяр эксперттер, илимпоздор жана бизнесмендер чогулат. Мындай эл аралык коомчулуктун Бишкекке чогулуп жатышынын бирден-бир себеби – форум бүтүндөй Борбор Азия үчүн негизги окуя болуп калууну убада кылууда.

Эгерде Сиз бул уникалдуу иш-чаранын бир бөлүгү болууну кааласаңыз, катталууну кечиктирбеңиз – арызды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү бүткүчө 10 гана күн калды!

Форумдун расмий сайтына [organicforum.ca](https://www.organicforum.ca) катталууга шашылуу менен биздин замандын экологиялык жана азык-түлүк көйгөйлөрүнө болгон чакырыктарга, өз чечимдерин сунуштоого даяр болгондорго кошулуңуз.

Бишкек Сизди туруктуу жана экологиялык таза келечекке бирге кадам шилтешиңизди күтөт!

Show More
Back to top button