Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Ысык-Ата районунда 450 миң тоокко ылайыкташкан фабрика жана картошканы кайра иштеткен завод курулууда

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев айыл чарбасын жаңы деңгээлге чыгаруу, аймактардын экономикасын көтөрүү багытында, агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоордун алкагында кайра иштетүү өнөр жайларын курууга өзгөчө басым жасалып жатканын билдирди.

Бул тууралуу жумушчу иш сапары менен Чүй облусунун аймагын кыдырып, Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы «ППЗ Три Т» ЖЧКсынын “Кировец” канаттуулар ишканасынын 450 миң баш тоокко ылайыкташкан фабрикасынын курулушуна капсула салуу аземинде белгиледи.

Фабриканын пландалган кубаттуулугу суткасына 400 миң жумуртка берет. Фабрикада 50дөн 90 адамга чейин жумушчу орун түзүлөт. Курулуш аяктагандан кийин аталган фабрика жергиликтүү рынокто суроо-талаптын 15% жабууну пландаштырууда. Биринчи тооканалар 2025-жылдын жазында иштей баштайт, ал эми толук курулуш иштери 2026-жылдын аягында бүтөт.

Министр Төрөбаев капсула салуу аземинде сүйлөгөн сөзүндө: “Жакынкы жылдары кайра иштетүү тармагын 50 пайызга чейин чыгаруу боюнча президенттин тапшырмасынын негизинде ыкчам аракеттер жасалып жатат. Биз азык-түлүк коопсузудугун камсыздоону кайра иштетүү өнөр жайын өркүндөтүү аркылуу жолго коюп, ал түгүл экспорттун көлөмүн арттырабыз”, – деп белгиледи.

Андан соң министр Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында жайгашкан “Умут и Ко” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулуп жаткан картошканы кайра иштетүүчү заводуна барды. Объект картошканы сактоону, кайра иштетүүнү жана даяр жарым фабрикатты чыгарууну камсыз кылат. Азыркы тапта 300,0 тонна картошканы сактай турган муздаткыч камералар курулуп, күнүнө кубаттуулугу 80,0 тонна түзгөн кайра иштетүүчү цехтин курулушу жүрүп жатат. Заводду ишке киргизүү 2024-жылга каралган.

Иш сапардын жүрүшүндө Төрөбаев масштабдуу өндүрүштүк комплексти уюштуруу үчүн инфраструктураны өнүктүрүүнүн келечегин талкуулады.

Ошондой эле, Ысык-Ата районуна караштуу Милянфан айылында жайгашкан мөмө-жемиш жана декоративдик өсүмдүктөрдүн көчөт материалдарын, ошондой эле алма, алмурут жана малина жемиштерин өстүрүүгө адистешкен “Бекхан Агро” дыйкан чарбасын дагы көрдү. Дыйкан чарба негизделгенден бери интенсивдүү багбанчылык жана көчөт өндүрүү тармагында акыркы технологияларды жайылтууга салым кошуп келет.

Негизги көңүл алдыңкы инновациялык технологияларды киргизүүгө, анын ичинде Инвитро-лабораторияларды тамыр өстүрүү үчүн пайдаланууга жана башка өлкөлөрдүн алдынкы питомниктери менен кызматташууга бурулду.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун Кара Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына байланыштуу чыгарган Жарлыгына ылайык, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоорду илгерилетүүдө. Бүгүнкү күндө агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоордун алкагында 96 долбоорду ишке ашырууда.

Ысык-Ата районунда 450 миң тоокко ылайыкташкан фабрика жана картошканы кайра иштеткен завод курулууда…

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев айыл чарбасын жаңы деңгээлге чыгаруу, аймактардын экономикасын көтөрүү багытында, агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоордун алкагында кайра иштетүү өнөр жайларын курууга өзгөчө басым жасалып жатканын билдирди.

Бул тууралуу жумушчу иш сапары менен Чүй облусунун аймагын кыдырып, Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы «ППЗ Три Т» ЖЧКсынын “Кировец” канаттуулар ишканасынын 450 миң баш тоокко ылайыкташкан фабрикасынын курулушуна капсула салуу аземинде белгиледи.

Фабриканын пландалган кубаттуулугу суткасына 400 миң жумуртка берет. Фабрикада 50дөн 90 адамга чейин жумушчу орун түзүлөт. Курулуш аяктагандан кийин аталган фабрика жергиликтүү рынокто суроо-талаптын 15% жабууну пландаштырууда. Биринчи тооканалар 2025-жылдын жазында иштей баштайт, ал эми толук курулуш иштери 2026-жылдын аягында бүтөт.

Министр Төрөбаев капсула салуу аземинде сүйлөгөн сөзүндө: “Жакынкы жылдары кайра иштетүү тармагын 50 пайызга чейин чыгаруу боюнча президенттин тапшырмасынын негизинде ыкчам аракеттер жасалып жатат. Биз азык-түлүк коопсузудугун камсыздоону кайра иштетүү өнөр жайын өркүндөтүү аркылуу жолго коюп, ал түгүл экспорттун көлөмүн арттырабыз”, – деп белгиледи.

Андан соң министр Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында жайгашкан “Умут и Ко” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулуп жаткан картошканы кайра иштетүүчү заводуна барды. Объект картошканы сактоону, кайра иштетүүнү жана даяр жарым фабрикатты чыгарууну камсыз кылат. Азыркы тапта 300,0 тонна картошканы сактай турган муздаткыч камералар курулуп, күнүнө кубаттуулугу 80,0 тонна түзгөн кайра иштетүүчү цехтин курулушу жүрүп жатат. Завод 2024-жылдын күзүндө ишке киргизилет.

Иш сапардын жүрүшүндө Төрөбаев масштабдуу өндүрүштүк комплексти уюштуруу үчүн инфраструктураны өнүктүрүүнүн келечегин талкуулады.

Ошондой эле, Ысык-Ата районуна караштуу Милянфан айылында жайгашкан мөмө-жемиш жана декоративдик өсүмдүктөрдүн көчөт материалдарын, ошондой эле алма, алмурут жана малина жемиштерин өстүрүүгө адистешкен “Бекхан Агро” дыйкан чарбасын дагы көрдү. Дыйкан чарба негизделгенден бери интенсивдүү багбанчылык жана көчөт өндүрүү тармагында акыркы технологияларды жайылтууга салым кошуп келет.

Негизги көңүл алдыңкы инновациялык технологияларды киргизүүгө, анын ичинде Инвитро-лабораторияларды тамыр өстүрүү үчүн пайдаланууга жана башка өлкөлөрдүн алдынкы питомниктери менен кызматташууга бурулду.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун Кара Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына байланыштуу чыгарган Жарлыгына ылайык, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоорду илгерилетүүдө. Бүгүнкү күндө агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоордун алкагында 96 долбоорду ишке ашырууда.

Show More
Back to top button