Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргызстандыктар айыл чарба продукцияларын Омск шаарындагы дүң базарынан сата алышат

Жыл башынан бери Россия Федерациясынын Омск шаарындагы “Черлакский” дүң базарына Кыргызстандан 120 унаа айыл чарба продукцияларын экспорттоп, сатыкка чыгарган. Аталган базар жыл сайын Кыргызстандын 200дөн ашык унаасын кабыл алып, ал жерден дыйкан-фермерлер айыл чарба азыктарын сата алышат.
Белгилей кетсек, базарга кирүү үчүн ижара акысы күнүнө 2500 рубль жана коопсуздук үчүн бир жолку төлөм 3700 рублды түзөт. Ошондой эле жеринен Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу Исабек уулу Нурсултан Омск шаарынын базарларын өздөштүрүүдө консультациялык жана техникалык жардам көрсөтөт.
Кошумча маалымат алуу үчүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин бөлүм башчысы Назгүл Карбаевага +996 557 557 529 номери аркылуу байланышып, толук маалымат алууга мүмкүн.

Show More
Back to top button