Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргызстанга малдын мыйзамсыз киргизилиши боюнча жооптуу кызмат адамдарына айып пул салынды

Кадамжай райондук ветеринардык башкармалыгы тарабынан Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын жайлоосуна кошуна Өзбекстан Республикасынын эки жараны мал жандыктарын мыйзамсыз алып киргендиги аныкталды.
Жыйынтыгында буга тиешеси бар бир канча жарандарга жана мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерге ветеринардык эрежелерди бузгандыгына үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 222-статьясынын 2-пунктунун негизинде айып пул салынды.
Анын айып пулдун өлчөмү:

  • Өзбекстан Республикасынын эки жаранына 7500 сомдон 15000 сом;
  • Орозбеков айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматынын башчысына 23000 сом;
  • жайыт комитетинин башчысына 23000 сом;
  • Орозбеков айылдык кенешинин депутатына 7500 сомду түзөт.
Show More
Back to top button