Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргызстандыктар Новосибирск шаарынын дүң базарында айыл чарба азыгын сата алышат

Новосибирскидеги (Россия Федерациясы) айыл чарба продукциясынын дүң рыногун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кызматкерлери изилдеп чыгышты.

Базар дирекциясынын маалыматы боюнча, «Хилокский» соода борборундагы продукциянын өтүшү 5-7 күндү түзөт. Базарга кирүү жана унааларды кайтаруу үчүн төлөм орточо эсеп менен бир жүк ташуучу унаага 50 миң рублге чейин түзөт.

Базарда Кыргызстанда өндүрүлгөн өрүк, шабдалы, кара өрүк, малина, кулпунай, алма, калемпир, сабиз, сарымсак сыяктуу жашылча-жемиштерди сатууга мүмкүн.

Кызыккан тараптар Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлү Назгүл Карбаевага 0557557529 номери аркылуу кайрылып, толук маалымат алууга болот.

Show More
Back to top button