Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Айыл чарбасында ири 100 долбоор ишке ашырылып жатат

Президент Садыр Жапаровдун Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына байланыштуу чыгарган Жарлыгына ылайык, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоорду илгерилетүүдө.Бүгүнкү күндө агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоордун алкагында 96 долбоорду ишке ашырууда.


Долбоорлор ар кандай багыттарды камтыйт, анын ичинде:
Балык чарба: 14 долбоор
Канаттуулар чарбасы: 12 долбоор
СЛБ жана кампалар: 13 долбоор
Питомниктер: 11 долбоор
Мал чарба: 8 долбоор
Илимий-агартуу демилгелери: 7 долбоор
Жүн иштетүү: 5 долбоор
Сүт багыты: 5 долбоор
Машина-трактор станциялары: 3 долбоор
Айыл чарба өсүмдүктөрү: 18 долбоор
Жалпы демилгелердин ичинен 32 долбоор мамлекеттик, ал эми 64 долбоор жеке болуп саналат.

Учурда жүндү кайра иштетүү, сүт багыты, канаттуулар чарбасы, илимий-агартуу долбоорлору, балык чарба, мал чарба, айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча 19 долбоор 1 миллиард сомдон ашык суммада каржылоо алган. Дагы 760 миллион сомдон ашык суммада 8 долбоорго каражат бөлүнгөнү турат.
Калган 69 долбоор боюнча каржылоо маселелери, жер маселелери жана уруксат берүүчү документтерди тариздөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айыл чарба секторун улуттук экономиканын негизги бөлүгү катары өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Бул стратегиянын алкагында агроөнөр жай комплекстеринин өндүрүмдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатууга, заманбап технологияларды киргизүүгө жана инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Айыл чарбасын өнүктүрүүдөгү артыкчылыктуу багыт болуп чакан жана орто бизнести колдоо саналат. Бул жумуш орундарын түзүүгө, айыл жерлериндеги социалдык-экономикалык шарттарды жакшыртууга жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга өбөлгө түзөт. Министрлик улуттук жана эл аралык каржы мекемелери менен тыгыз кызматташып, долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зарыл ресурстарга жетүүнү камсыз кылат. Бул чаралардын баары – агрардык сектордун бардык катышуучулары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана Кыргыз Республикасында айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган маанилүү аспект болуп эсептелет.

Белгилей кетсек, мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүн шарттап, элибиздин туруктуу аймактык, социалдык-экономикалык жана маданий жактан жалпы биригүүсүнө өбөлгө түзгөн, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси Президент Садыр Жапаровдун «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө» Жарлыгына ылайык мамлекеттик деңгээлде ар тараптуу жогорку деңгээлде белгиленип жатат.

Show More
Back to top button