Маанилүү жаңылыктар

2030-жылга карата айыл чарба продукциясынын экспортун эселеп көбөйтүү боюнча эксперттик кеңеш өттү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, айыл чарба продукциясынын экспортун жогорулатуу, жашыл айыл чарбасын өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча Эксперттик кеңештин жолугушуусу болуп өттү.

Жыйында төмөнкүдөй маселелер каралды:

  • Эксперттик кеңеш айыл чарбасында кайра иштетүүнү илгерилетүүдө, 2024-жылдын 22-июлундагы № 202 “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткарууда, 2030-жылга карата айыл чарба продукциясынын экспортун 2 эсеге көбөйтүү ошондой эле 2040-жылга карата айыл чарба продукциясын 50 пайыздан кем эмес кайра иштетүү иш аракеттерин ишке ашырууда көмөк көрсөтүү максатында уюштурулду.
  • 2-жарым жылдыкта ишке ашырууга мүмкүн болгон негизги багыттарды аныктоо жана аныкталган багыттарды ишке ашырууда иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана жоопкерчиликтүү тараптарды тактоо;

Ошондой эле, региондук кластерлерди ачуу боюнча талкууда баасы чыкпай талаада же бакчада калган жер жемиш, мөмө жемиш көйгөйлөрүн кантип чечсе болот деген актуалдуу маселелер каралды.

Белгилей кетсек, кайра иштетүү тармагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар тараптар менен Министрликтин Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти кызматташууга чакырат. Байланыш үчүн: 0312661229; 0555508220, nurdinova.jypara@mail.ru.

Show More
Back to top button