Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Ысык-Көлдө сүт өндүрүүчүлөргө заманбап сүт ташуу цистерналары ыйгарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Министрлер кабинети менен макулдашуунун негизинде Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан берилген каражаттардын эсебинен Агробизнестик атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору аркылуу “Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча интегралдык долбоорду кошумча каржылоо” долбоорун ишке ашырууда.


2024-жылдын 12-августунда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында аймактагы айыл өкмөттөрү жана жамааттык-сүт өндүрүүчүлөрүнүн башчыларына сүт ташуу цистерналарын салтанаттуу берүү аземи өткөрүлүп, Бүткүл дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында сатып алынган сүт чогултуу пункттарынын 10 бекети түзүлүп, муздатуу цистерналары орнотулган.


Көлөмү 1 тонналык 7 стандарттык цистерна жана көлөмү 2 тонна болгон үч цистерна ыйгарылды. Аларды калкка өткөрүп берүү боюнча иш-чара Агробизнестик атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору Төрөгүл Беков, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, сүт ишканаларынын башчылары, сүт өндүрүүчүлөр жана коллекторлордун катышуусунда өттү.

Show More
Back to top button