Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Ысык-Көлдө мыйзамсыз 13 обьект буздурулду

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат Ысык-Көл облусунда Барскоон-Каракол мамлекеттик автоунаа жол тилкесинин аймагына мыйзамсыз салынган майда жана чоң соода курулуштарды аныктады.

Мындан сырткары, Жети Өгүз районуна караштуу Даркан, Саруу жана Кызыл Суу айылдарында комиссия менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында, жалпы 13 обьект буздурулуп, мыйзамсыз ээлеп алынган жер аянттары баштапкы калыбына келтирилди.

Show More
Back to top button