Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Сүт жыйноочулар салык төлөмдөрүн кантип азайтса болот?

2024-жылдын 7-августунда Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинде “Кыргызстандын сүт бирикмеси” ЮЖБсы менен биргеликте уюштурулган “Сүт чогултуу ишине салык салуу жана бизнес-процесстерди оптималдаштыруу” темасында чийки сүттү даярдоочулар (сүт чогултуучулар” үчүн семинар болуп өттү. Семинарды ProConsult консалтинг компаниясынын 25-жылдык тажрыйбасы бар адвокаты – Асылбек Калчороев өткөрдү.
Семинарда катышуучулар консультация алуудан сырткары, төмөнкү суроолорго да жооп ала алышты:

  • Ишмердүүлүгүңүздү Айыл чарба сүтүн даярдоочу катары кабыл алынбаса эмне кылуу керек?
  • Сүт даярдоочунун ишмердүүлүгүнүн алкагында жалданма кызматкерлерди кантип тартуу жана отчеттуулук маселелерин кантип чечүү керек?
  • Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкасын төмөндөтүүнү кантип колдонсо болот?
    Эскерте кетсек, 2024-жылдын 2-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койгон, аны менен айыл чарба даярдоочу салык салуу субъектиси катары аныкталды. Айыл чарба сүт өндүрүүчүлөр азыр кирешенин 0,25% салык ставкасы менен жөнөкөйлөтүлгөн салык алууга укуктуу.
Show More
Back to top button