
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун Мады айыл аймагындагы “Термез” айыл чарба өндүрүштүк коммерциялык кооперативинин “Алма” кошумча нарк чынжырчасынын бенефициарын көрүп, айыл чарба багытындагы бир катар маанилүү жагдайларга токтолду.
- Учурда президентибиз Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде айыл чарба тармагындагы азык-түлүк продукциясын кайра иштетүү өнөр жайын өркүндөтүү аркылуу, пайда көп берген өсүмдүктөрдү өстүрүү, малдын асылдуулугун артырууга олуттуу көңүл бурулуп, иш-аракеттер жүрүп жатат. Натыйжада, мындай багыт менен аймактарда жашаган айыл чарбасы менен алектенген элибиздин жашоо турмушун көтөрүп, кирешелерин арттырууну колго алабыз, – деп билдирди Төрөбаев.
“Термез” айыл чарба өндүрүштүк коммерциялык кооперативи 2022-жылдын 12-августунда түзүлгөн. Фермердик чарба 20 жылдан бери иштеп келе жатат. Ишмердүүлүктүн кеңейишине байланыштуу фермердик чарбаны кооперативге кайра каттоо чечими кабыл алынган. Учурда негизги ишмердүүлүк – багбанчылык, өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы. Багбанчылыкта – таттуу алча, шабдалы жана алманын ар кандай сорттору өстүрүлөт.
Кооперативдин штаттык саны 3 адамды түзөт. Кооперативде бардыгы болуп 7 уюштуруучу бар. Сезондук кызматкерлер 20 адамга жетет.
Бүгүнкү күндө 5 гектар жерге карлик ММ9 алма көчөттөрүн отургузуу үчүн мамлекет тарабынан 20 миллион сом каржы бөлүнүп жатат.




