
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусуна болгон иш-сапарынын алкагында жергиликтүү эл менен жолугуп, көйгөйлөрүн жеринен укту.
Жолугушуунун алкагында жергиликтүү калк Кара-Кулжа районундагы Жаңы-Талаа жана Ылай Талаа каналынын курулуш иштери алгач 2017-жылы, андан кийин 2020-жылы белгисиз себептерден улам токтоп калгандыгын айтышып, көйгөйдү чечип берүүнү өтүнүшкөн.
Жыйындыгында аталган маселе ордунан чечилип, Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасы менен Жаңы-Талаа каналынын курулушуна керектүү атайын техника тартылып, курулуш жумуштары жандандырылды.
Белгилей кетсек, Жаңы-Талаа каналы Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар айыл округунун Каракулжа, Чалма, Ылай-Талаа, Карагуз, Жаңы-Талаа, Кеңеш айылындагы жерлерин сугат суу менен камсыздайт. Кубаттуулугу 1318 га жерлердин суу менен камсыз болушу жогорулайт.
Бүгүнкү күндө Тар суусунан суу алган сыйымдуулугу 0,8 м3/сек болгон насостук станциясынын реконструкциялоо жумуштары толугу менен бүттү.


