Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министрлик агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнү мамлекеттик деңгээлде ар тараптуу колдоого алат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстандын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнү мамлекеттик деңгээлде ар тараптуу колдоого алат.

Бул багытта министрлик дыйкан-фермерлердин жана Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын айыл чарба жаатындагы жүргүзүп жатышкан ишмердүүлүктөрүн өнүктүрүүнү колго алып, бардык шарттарды түзүп берүүгө көмөктөшөт.

Ал үчүн министрлик тарабынан кайра иштетүүчү агроөнөр жай ишканаларын, фермердик үрөн чарбаларын өнүктүрүүгө, кеңейтүүгө, инновациялык технологияларды киргизүүгө жана жеңилдетилген каржылоого жетүүгө, ошону менен алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн олуттуу жогорулатууга ар дайым үзгүлтүксүз жардам берет.

Мындай демилгелүү, амбициялуу саясатты жүргүзүү президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 23-июлунда чыккан “Агроөнөр жай комплексин мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын негизинде ишке ашырылат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү мамлекет тарабынан колдоого алынып жаткандыгын бүгүн Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Эрлист Акунбеков билдирген. Ал өз сөзүндө:

“Айыл чарба тармагын колдоого багытталган мындай кенен жарлык болгон эмес. Бул документ 40тан ашык пункттан турат. Анын ар бири ишке аша турган болсо, айыл чарбабызда болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр күтүлөт. Азыр айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр өз-өзүнчө алектенип жатат. Жарлыкка ылайык, эми дыйкандардын башы бириктирилет. Мунун аркасы дыйкан-фермерлер кооперативдер аркылуу экспортко чоң көлөмдөгү продукцияларды чыгара баштайт”, – деп белгилеген Акунбеков.

Show More
Back to top button