Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Жыл башынан бери 2,8 млрд сомго айыл чарба техникалары лизингге берилди

Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн техникалык жабдуу жана МТСти кайра куралдандыруу, өндүрүштүк негизги каражаттарды жаңыртуу, техникалык тейлөө кызматтарынын инфраструктурасын кеңейтүү жана айыл чарба субъекттеринин машина-трактор парктарын модернизациялоо максатында, ошондой эле айыл чарба техникаларын лизингге алууну өнүктүрүү үчүн 9 кредиттик линия аркылуу демилгеленип, ишке ашырылууда.
Мамлекеттик лизинг 1; 2; 3; 4; 5; 6 жана ЕАБР долбоору – 1, 2. Аталган долбоорлордун аткаруучу оператору катары ААК «Айыл Банк» иш алып барат.
Бул лизингдик долбоорлордун алкагында республикадагы айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө бардык түрдөгү айыл чарба техникалары жана жабдуулары, ошондой эле жаан-чачындуу сугат машиналары жана айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу үчүн тамчылатып сугаруу жабдуулары жеңилдетилген шарттарда, 10 жылдык мөөнөткө 6% жылдык пайыздык чен менен берилет.
Техниканы лизингге берүү долбоорлорунун ишке киришкен күндөн баштап, республикадагы айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө жалпысынан 16,4 млрд сомго 6647 даана ар түрдүү айыл чарба техникалары берилген, анын ичинде 2024-жылы 2,8 млрд сомго 734 даана ар түрдүү айыл чарба техникалары берилген.
Республикадагы бардык айыл чарба субъекттери өз техника паркын ААК «Айыл Банк» кредиттик-лизингдик линиялары аркылуу мамлекеттик колдоонун эсебинен жеңилдетилген шарттарда толуктай алышат:
-лизинг мөөнөтү – 7 жыл;
-пайыздык чен – жылына 6%;
-лизинг алуучунун баштапкы төгүмү лизинг предметинин баасынан кеминде – 10% түзөт;
-күрөө – эгерде лизинг алуучу лизинг предметинин баасынын 20% жана андан жогору баштапкы төгүмдү төлөсө, кошумча күрөө талап кылынбайт, күрөө предмети катары техника эсептелет, эгерде лизинг алуучу лизинг предметинин баасынын 20% дан аз баштапкы төгүм төлөсө, кошумча күрөө талап кылынат;
-техниканы камсыздандыруу лизинг алуучунун макулдугу менен ыктыярдуу жүргүзүлөт;
-лизингдик операциялар сом менен жүргүзүлөт. Кабыл алынган чаралардын натыйжасында Кытай, Япония гранттык каражаттары жана Түркия инвестициялык кредити жана башка донордук уюмдардын эсебинен ААК «Айыл Банкта» айыл чарба техникалары жана кайра иштетүүчү жабдууларды лизингге каржылоо үчүн узак мөөнөттүү кредиттик ресурстар топтолгон.
ОАК «Айыл Банкка» мамлекеттик колдоо линиясы боюнча лизингдик кызматтарды көбөйтүү үчүн кредиттик ресурстарды топтоо аркылуу акыркы жылдары лизингдик келишимдердин саны көбөйүп жатканын белгилеп кетүү керек.
Банк кредиттеринин кайтарымдуулугу 99,6% түзүп, бул кредиттик ресурстарды пайдалануунун мыкты көрсөткүчү болуп, ишке ашырылып жаткан лизингдик долбоорлордун натыйжалуулугун көрсөтөт.

Show More
Back to top button