Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү Новосибирск шаарында айыл чарба азыктарыны дүңүнөн жана чекене саткан рыногунун башкармалыгы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Анын негизги максаты – Кыргызстанда өндүрулгөн айыл чарба азыктарын экспорттоо жолдорун издеп табуу болуп саналат. Белгилей кетсек, Россия Федерациясында Кыргызстандын жемиштерине жана жашылчаларына болгон суроо-талап жыл сайын өсүүдө.