Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Бакыт Төрөбаев: Аймактарда кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, экспорттук потенциалын жогорулатуу, МТСтерди түзүү маанилүү

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Нарын облусуна болгон жумушчу иш сапары алкагында «Ат-Башы эт комбинаты» жана «Ат-Башы сүт» ишканаларынын, Ат-Башы айыл аймагындагы машина-трактордук станциясынын (МТС) ишмердүүлүгү менен таанышып, көйгөйлөрүн укту.

Министр Бакыт Төрөбаев «Ат-Башы эт комбинаты» жана «Ат-Башы сүт» ишканаларынын базасында азык-түлүк жана сырьелук ресурстардын ички булактарын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган жыйында, айыл жериндеги кайра иштетүү өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ички жана тышкы рынокторго даяр продукцияларды сатуунун көлөмүн көбөйтүү, ишканалардын экспорттук потенциалын жогорулатуу жана фермерлер менен тыгыз иштешүүдө жергиликтүү шартка ылайыкташкан методологияны иштеп чыгуу зарылдыгын билдирди. Бул боюнча тешиелүү мамлекеттик жетекчилерге бир катар тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, 2024-жылы курулушу аяктаган аянты 4500 чарчы метрди түзгөн эт комбинатында мал союучу жай жана эт азыктарын кайра иштетүүчү ишкана курулган. Ишканада учурда эт азыктарын консервациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Мал союучу жайдын сыйымдуулугу бир күндө 30 баш бодо мал жана 160 кой-эчкини түзөт.

Ал эми «Ат-Башы сүт» заводунун суткасына 10 миң литрге чейин сүттү кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Завод заманбап технологиялык жабдуулар менен жабдылган. Өндүрүлгөн продуктылар өсүмдүк майларын колдонбостон, органикалык сүттөн гана жасалат. Бүгүнкү күндө завод сүт, быштак азыктарынын бир нече түрүн, сыр, быштак, каймак жана эритилген майды өндүрөт.

«Ат-Башы» МТСи мамлекеттин колдоосу аркылуу лизинг жана башка долбоорлор аркылуу айыл чарба техникаларын жеңилдетилген шарттарда алып, өзүнүн техникалык паркын толуктап келе жатат. Бул МТС 1500 гектар жер аянтына чейин тейлеп, агротехникалык кызмат көрсөтөт.

МТСтин карамагында 36 айыл чарба техникасы, анын ичинде 11 трактор, 7 дан комбайны, 3 жүк ташуучу унаа жана 15 башка техникалар бар.

МТСтин абалы менен таанышкан Бакыт Төрөбаев «Ат-Башы» муниципалдык ишканасынын эскирген техникаларын жаңы техникалар менен толуктоого мамлекет тарабынан мүмкүн болгон жардам, көмөк көрсөтүлөрүн айтты.

Иш-чарага министрдин орун басары Алмазбек Сокеев, министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дыйкан-фермерлер катышты.

Show More
Back to top button