Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министрлик ишкерлерди органикалык жана экологиялык таза продукцияларды сатууда кызматташууга чакырат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги бардык кызыкдар тараптарды органикалык жана экологиялык таза продукцияларды сатууда кызматташууга чакырат.
Жергиликтүү экологиялык продуктыларга кургатылган мөмө-жемиштер, жаңгактар, бал, жашылчалар, ун жана ар түрдүү ашкактар кирет.
Экологиялык тазалык – азыркы бардык рыноктордогу тенденция. Ишкерлер бул тенденцияны тез арада маркетинг стратегиясы катары кабыл алып, акыркы беш жылдын ичинде дүкөндөрдүн текчелеринде “эко” жана “био” деген жазуусу бар көптөгөн товарлар пайда болду. Маркетингдик изилдөөлөр көрсөткөндөй, экологиялык жактан таза продукциялар күндөн-күнгө популярдуу болууда.
Заманбап бизнес бул – экологиялык тазалыкка багытталган, анткени, жогорку суроо-талап жана рентабелдүүлүк, төмөн атаандаштык менен өнүгүү экологиялык таза продукцияларды жаратат.
Учурда Бишкекте жергиликтүү жана сырттан келген органикалык, экологиялык таза жана табигый продукцияларды сунуштаган бир нече эко дүкөндөр иштеп жатат. Ассортиментте табигый косметика жана туура тамактануу азыктары бар.
Эске салсак, органикалык жана экологиялык таза продукцияларды сатууда кызматташууга кошумча маалымат алуу үчүн телефондор: +996555483297 же elena.kraft@mail.ru электрндук дарегине кайрылсаңыздар болот (Елена Владимировна Кострубова).

Show More
Back to top button