Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

“Улуттук суу ресурстарын башкаруу” долбоору жыйынтыкталды

“Улуттук суу ресурстарын башкаруу” долбоорунун аякташына байланыштуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин миссия башчысынын орун басары Андрес Мюллер жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү, «Улуттук суу ресурстарын башкаруу» долбоорунун менеджери Верена Шайдрайтер менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар «Суу ресурстарын улуттук башкаруу» долбоорунун жыйынтыктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында суу секторун өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Алмазбек Сокеев катышуучуларга суу секторун реформалоонун өзгөчөлүктөрү жана бассейндик суу ресурстарын башкарууну, жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды инвентаризациялоону, сууну эсепке алууну жакшыртууну жана суу пайдалануучулар арасында бөлүштүрүүнү, мындан ары ишке ашырууга багытталган долбоорлорду, ошондой эле сууну пайдаланууга уруксат берүү системасын киргизүү пландары жөнүндө айтып берди. Долбоордун алкагында Республикалык деңгээлде 2040-жылга чейинки суу боюнча улуттук стратегия иштелип чыгып, бекитилди. Өлкөнүн беш дарыясынын бассейнин делимитациялоого жана бассейндик суу ресурстары башкармалыгынын беш планын даярдоого жардам көрсөтүлдү.

2021-жылы Карадарыя-Сырдарыя-Амударыя бассейндик суу чарба башкармалыгы түзүлүп, 2024-жылдын март айында министрдин буйругу менен Ысык-Көл-Тарим, Нарын-Сырдарыя, Талас жана Чүй бассейндик суу чарба башкармалыктары кошумча түзүлгөн. Жергиликтүү деңгээлде долбоор дыйкандарга кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн өлкө боюнча ирригациялык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн потенциалын жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрдү. Бул жетишкендиктер суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жана өлкөнүн климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатууга негиз түздү. Долбоордун аркасы менен 278 000ден ашык адамга пайда алып келди.

Иш-чаранын алкагында тараптар суу тармагында боло турган аймактык жана эл аралык кызматташуу иш-чараларын, учурдагы жана келечектеги долбоорлордун алкагында мындан аркы кызматташууну талкуулашты.

Show More
Back to top button