Маанилүү жаңылыктар

Министр Төрөбаев: Ирригациялык инфраструктураларды модернизациялоого өзгөчө көңүл бурулууда

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасынын негизинде, суу тармагында бир катар алгылыктуу иштер жүрүп жатат.

Алсак, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 2024-жылдын 31-июлуна карата 528,8 км чарба аралык каналдарды оӊдоо жана механикалык тазаланды. Ички чарбалык сугат тармактарынын жалпы узундугу 20848,3 км түзөт. Анын ичинен план боюнча оӊдоло турганы – 7049,0 км, аткарылганы 8091,9 км бүткөрүлгөн. Ал республика боюнча жалпы узундугу 34,05 км чакырым 10 магистралдык каналдарда курулуш иштери аткарылууда. Анын ичинде Баткен облусу боюнча 2 объектиде, Жалал-Абад облусу боюнча-1 объектиде, Ош облусунда – 4 объектиде, Нарын облусунда – 3 объектиде иштер жүрүп жатат.

Мындан сырткары, 528 гидротехникалык курулмалардын, 198 суу өлчөөчү посттордун, 115 насостук станциялардын, 213 насостук агрегаттын оңдоо, 20 насостук агрегаттын алмаштыруу жана 10 суу топтоочу курулмалардын (4 суткалык, 3 декадалык жөнгө салуучу бассейндеринин, 3 суу сактагычтын), 59,6 км. коллектордук-дренаждык тармактын механикалык тазалоо иштери аткарылды.

Мындай натыйжа, башкача айтканда, суу чарба каналдарын оңдоо, тазалоо, жаңыларын куруу, суу сактагычтардагы суунун топтолушун жана жөнгө салынышына өзгөчө маани берүү, жаңы суу сактагычтарды куруу, ирригацияга байланышкан бардык обьектилерди инвентаризациялоо сыяктуу иштер кынтыксыз болушун, Төрөбаев министр болуп келген күндөн тартып талапты катуу коюп, суу тармагына олуттуу көңүл бургандан улам жүзөгө ашууда.

“Климаттын өзгөрүшүнө адаптация кылуу керектигин эске алганда, негизги багыттардын бири болуп өлкөнүн суу ресурстарын үнөмдүү, рационалдуу жана натыйжалуу пайдалануу, суу топтоочу курулмалар, ирригациялык инфраструктураларды модернизациялоо, заманбап технологияларды колдоону – өзгөчө актуалдуу экенин көрсөттү”, – деп белгиледи Төрөбаев. 

Суу каналдарынын өз убагында тазалынышы быйыл көп катталган селден айыл чарба талааларынын, калктуу конуштардын зыян тартышын кескин түрдө азайтты. Натыйжада, апрель-июль айларында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон сел-кыяндын кесепетинен сугат мезгилине даярдалган 101 мамлекеттик ирригациялык объектилер кыйроолорго учурады.

Мындай оорчулукка карабастан, бузулган каналдар өз убагында оңдолуп, талаа иштерине сугат суу берүү үзгүлтүккө учурабай берилүүдө. Буга байланыштуу жаратылыш кырсыктарын алдын-алуу үчүн селден тоскон каналдарды кеңейтүү жагы дагы эске алынууда.

Суу ресурстары кызматынын балансында  жалпы көлөмү 1,873 млрд.м куб түзгөн 406 даана БДР жана БСРлер бар. Суу сактагычтарды куруу сууну жердин деградациясын жана чөлгө айлануусун алдын алуу үчүн пайдаланууга мүмкүндүк берет. Суу сактагычтарга чогулган суу суунун аз болгон мезгилин жумшартат жана суу кирген учурда жана селдердин өтүүсүнө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүндүк берет.

Учурда  жалпы көлөмү 11,3 млн м3 болгон 4 суу сактагычта курулуш иштери жүрүп жатат, 10 суу сактагычты куруу боюнча долбоорлоо иштери аткарылууда.

Show More
Back to top button