Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Ветеринардык санитардык талаптарды аткарбаган субъектилерге айып пул салынды

2024-жылдын 14-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-январындагы №1 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилип, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы тамак-аш коопсуздугун сактоо боюнча 2024-жылдын 1-июлунан тартып пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүп баштаган.


Ветеринардык кызматтын пландык текшерүүлөрү 2024-жылдын I-II кварталында текшерүүлөргө мораторий киргизилгенине байланыштуу быйылкы жылдын 6 ай аралыгында текшерүүлөр болгон эмес.


Белгилей кетсек, учурда III-кварталга пландык текшерүүлөргө жалпы республика боюнча Экономика жана коммерция министрлиги менен 1290 субьект макулдашылып, Ветеринардык кызматтын шаардык жана райондук башкармалыктар тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлүп келет. Анын жыйынтыгында пландык жана плансыз текшерүүлөр менен ветеринардык санитардык талаптарды аткарбаган субьектилерге 456 500 миң сом айып пул салынган.

Show More
Back to top button