Маанилүү жаңылыктар

Астананын базарларында кыргыз өрүгүн сатууга орундуктар бар

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргыз Республикасын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте айыл чарба продукциясын экспорттоо боюнча өнөктөштөрдү табуу иштерин алып барууда.


Азыркы учурда Казахстан Республикасындагы элчилигинин маалыматы боюнча Астана шаарынын базарларында абрикостун сатылуучу баасы 70-100 сом. Шаардын “Астаналык” базарында соода орду (өлчөмү 180 см) 1 айга 100 миң теңге, 2 жана андан кийинки айларга 50 миң теңге турат. Продукцияны сактоо складдар базардын аймагында жок экендигин билдирет. Продукцияны лабораториялык текшерүүдөн өткөрүү үчүн өзүнчө акы алынат. Учурда бош орундар бардыгын базардын администратору Н.Н. Бериханова билдирет.


Ошол эле Астана шаарынын “Шарын” дүң базарынын администратору А.Жетмековдун айтымында, учурда жүк ташуучу унаалардан гана соода жүргүзүлүүдө. Бир жүк ташуучу унаадан төлөм баасы күнүнө 7000 теңге, “газель” автоунаасы 5000 теңге.


Астана шаарына абрикосту экспортоого кызыктар тараптардын суроолоруна министрликтин кызматкери Н.Т. Каарбаева +996557557529, Казакстандын башка шаарларына +996 990 779 770 телефон аркылуу жооп беришет.

Show More
Back to top button