Маанилүү жаңылыктар

Бишкек шаарында айыл чарба продукцияларын сатууга орундуктар ачылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Бишкек шаардык мэриясы менен биргелекте, ата-мекендик фермерлерди колдоо, айыл чарбасын өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында дыйкандар өстүргөн жашылча жемиштерди (дарбыз, коон, өрүк, алча ж.б) сатууга көмөк көрсөтүү максатында борбор калаадан 23 соода орундуктарын аныктап берди. Аталган аймактан дыйкан-фермерлер түшүмдөрүн түздөн түз сатып алууга мүмкүнчүлүк алышат. Ал орундуктар төмөнкү даректер боюнча жайгашкан:

Ленин администрациялык району боюнча (иш телефондору 0312 65-69-01), (0500 555 000 ватсап номери, 0999 766 655) Эрмырза Давыдов – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлү:

1) “Ош базары” соода базар комплексинин ичинен 20 орун;
2) “Дордой Моторс” базарынан – 1 камаз менен сатууга;
3) Бакаев-Айни көчөлөрүнүн кесилиши (түштүк-батыш тарабы);
4) Чортеков көчөсүнүн батыш тарабы (Ахунбаев көчөсү менен кесилиши)- 1 камаз менен сатууга; 5) Чортеков көчөсүнүн батыш тарабы (Муромск көчөсү менен кесилиши)- 1 камаз менен сатууга;
6) Селекционная көчөсү менен Сарбан айылынын көчөлөрү менен кесилиши (түштүк-чыгыш тарабы) – 1камаз менен сатууга;
7) Селекционная көчөсү менен Чамгарак көчөлөрүнүн кесилиши (чыгыш тарабы) – 1 камаз менен сатууга.

Октябрь администрациялык району боюнча (иш телефондору 0312 57-66-50) (0500 555 000 ватсап номери, 0999 766 655) Эрмырза Давыдов – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлү:

1) “Орто-Сай” соода базар аймагында;
2) “Көк-Жар” соода базар аймагында;
3) “ДК” соода борборунун аймагында (Н. Жетишкаева көчөсү, 292);
4) “Глобус” гипермаркетин аймагында (Тунгуч кичи району);
5) “Глобус” гипермаркетин аймагында (7-Апрель жана И. Ахунбаев көчөлөрүнун кесилиши);
6) “Азия” гипермаркетин аймагында (С. Каралаев көчөсү, 42);
7) “Азия” гипермаркетин аймагында (7-Апрель көчөсү, 2/1).

Биринчи Май администрациялык району боюнча (иш телефондору 0312 32-52-85), (0500 555 000 ватсап номери, 0999 766 655) Эрмырза Давыдов – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлү:

1) Тоголок-Молдо көчөсү, 240 (үйдүн тушу, Алтай чакан көчөсү менен кесилиши);
2) Исанов көчөсү, 339 (үйдүн тушу, Щербаков көчөсү менен кесилиши);
3) Махатма Ганди көчөсү (батыш тарабы, Фере көчөсү менен кесилиши);
4) Түндүк айланма жолу менен Махатма Ганди жолунун кесилиши;
5) “Баят” соода базар аймагында (базардын тушу).

Свердлов администрациялык району боюнча (иш телефондору 0312 53-13-51, 0312 36-01-04), (0500 555 000 ватсап номери, 0999 766 655) Эрмырза Давыдов – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлү:

1) Токтогул көчөсү менен кесилишкен Т. Айтматов көчөсүнүн күн батыш тарабы;
2) “Дордой” конушу (Ибраимов көчөсү, 31);
3) “Алдаяр” дүң жашылча базары (Буденный көчөсү, 132);
4) “Табылга” соода комплексинин аймагында (унаа токтотуучу жайда, Жибек Жолу проспектиси, 150).
Бардык суроолор боюнча фермерлерди Бишкек шаарынын мэриясынын райондук муниципалдык администрацияларына жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин көрсөтүлгөн телефондоруна кайрылуусун суранабыз.

Эскертүү: Министрлик жана мэрия өкүлдөрү айыл чарба продукциясын сатып албайт. Алар дыйканга продукциясын кайда, кантип сатууга мүмкүн экендиги боюнча жол жобосун түшүндүрүп, кеңеш берет.

Show More
Back to top button