Маанилүү жаңылыктар

Нарында жол жээгинде мыйзамсыз жайгашкан 19 күркө алынды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы Нарын облусундагы жол жээгинде мыйзамсыз жайгашкан 19 күркө алынганын маалымдайт.

Маалыматка ылайык, Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы жумушчу топ менен биргеликте С.Орозбаков көчөсүнүн жээгинде мыйзамсыз жайгашкан 13 күркөнү алдырып, жер аянты айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүлүп берилген.

Мындан сырткары, аялдамаларга мыйзамсыз жайгаштырылып, соода жүргүзүп жаткан жеке ишкерлердин күркөлөрү буздурулуп, 6 аялдама мурдакы калыбына келтирилип, жол тейлөө ишканасына өткөрүлдү.

Show More
Back to top button