
2024-жылдын 24-июлуна карата сугатка суу берүү план боюнча 4362,1 млн.м3 болсо, иш жүзүндө 3536,3 млн.м3 же болбосо 81% аткарылган. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 116,4 млн.м3 көп.
Бардык сугарылган аянт план боюнча 2709,7 миң га болсо, иш жүзүндө 2094,7 миң га же болбосо 77 % аткарылган. Республика боюнча биринчи сугат менен 929,2 миң гектар сугарылса, анын ичинен: дан эгиндери – биринчи сугаты 154,2 миң га, көп жылдык чөп – биринчи сугаты 259,3 миң га, жашылчалар – биринчи сугаты 103,9 миң га, мөмө жемиш бактары – биринчи сугаты 38,83 миң га, күрүч – биринчи сугаты 11,648 миң га, төө буурчак – биринчи сугаты 42,8 миң га, май өсүмдүктөрү– биринчи сугаты 4,2 миң га аянты сугарылган, башка өсүмдүктөр – биринчи сугаты 180,61 миң га.
Баткен облусу боюнча сугатка суу берүү планда 406,83 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 358,3 млн.м3, план 88% аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 280,7 миң га болсо, иш жүзүндө 232,4 миң га же болбосо 83% аткарылган. Өсүмдүктөр боюнча: дан эгиндери – биринчи сугаты 4,34 миң га, көп жылдык чөп – биринчи сугаты 5,72 миң га, дан жүгөрү – биринчи сугаты 10,48 миң га, жашылчалар – биринчи сугаты 5,62 миң га, мөмө-жемиш бактары – биринчи сугаты 12,43 миң га, башка өсүмдүктөр – биринчи сугаты 14,938 миң га.
Ош облусу боюнча сугатка суу берүү планда 757,46 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 507,1 млн.м3, план 67 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 497,7 миң га болсо, иш жүзүндө 311,4 миң га же болбосо 63 % аткарылган. Өсүмдүктөр боюнча: дан эгиндери – биринчи сугаты 9,85 миң га, жашылчалар – биринчи сугаты 24,77 миң га, мөмө-жемиш бактары – биринчи сугаты 5,55 миң га, башка өсүмдүктөр – биринчи сугаты 30,18 миң га,
Жалал-Абад облусу боюнча сугатка суу берүү планда 657,0 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 595,1 млн.м3, план 91 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 391,7 миң га болсо, иш жүзүндө 351,7 миң га же болбосо 90 % аткарылган. Өсүмдүктөр боюнча: дан эгиндери – биринчи сугаты 10,07 миң га, көп жылдык чөп – биринчи сугаты 26,53 миң га, дан жүгөрү – биринчи сугаты 23,86 миң га, башка өсүмдүктөр – биринчи сугаты 33,65 миң га,
Ысык-Көл облусу сугатка суу берүү планда 411,9 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 383,5 млн.м3, план 93 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 221,6 миң га болсо, иш жүзүндө 204,2 миң га же болбосо 92 % аткарылган. Өсүмдүктөр боюнча: дан эгиндери – биринчи сугаты 37,256 миң га, көп жылдык чөп – биринчи сугаты 45,456 миң га, жашылчалар – биринчи сугаты 16,55 миң га, мөмө-жемиш бактары – биринчи сугаты 6,634 миң га, башка өсүмдүктөр – биринчи сугаты 21,12 миң га,
Нарын облусу боюнча сугатка суу берүү планда 519,4 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 420,1 млн.м3, план 81 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 240,6 миң га болсо, иш жүзүндө 178,1 миң га же болбосо 74 % аткарылган. Өсүмдүктөр боюнча: дан эгиндери – биринчи сугаты 26,8 миң га, көп жылдык чөп – биринчи сугаты 69,9 миң га, башка өсүмдүктөр – биринчи сугаты 11,9 миң га,
Чүй облусу боюнча сугатка суу берүү планда 1123,63 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 823,9 млн.м3, план 73 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 826,4 миң га болсо, иш жүзүндө 597,6 миң га же болбосо 72 % аткарылган. Өсүмдүктөр боюнча: дан эгиндери – биринчи сугаты 55,193 миң га, көп жылдык чөп – биринчи сугаты 75,956 миң га, жашылчалар – биринчи сугаты 30,25 миң га, мөмө-жемиш бактары – биринчи сугаты – 8,626 миң га, малина-клубникалар – биринчи жана экинчи сугаты 11,93 миң га, башка өсүмдүктөр – биринчи сугаты 44,322 миң га,
Талас облусу боюнча сугатка суу берүү планда 485,9 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 448,3 млн.м3, план 92 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 250,9 миң га болсо, иш жүзүндө 219,5 миң га же болбосо 87 % аткарылган. Өсүмдүктөр боюнча: дан эгиндери – биринчи сугаты 10,7 миң га, көп жылдык чөп – биринчи сугаты 20,0 миң га, дан жүгөрү – биринчи сугаты 3,5 миң га, жашылчалар – биринчи сугаты 7,1 миң га, мөмө-жемиш бактары – биринчи сугаты 2,9 миң га, башка өсүмдүктөр – биринчи сугаты 24,5 миң га.


