Маанилүү жаңылыктар

Ош облусунда селден жабыркаган бардык каналдар калыбына келтирилди

18-июлда Ош облусундагы катуу нөшөрлөгөн жамгырдан кийинки селден улам сугат каналдары тазаланып, калыбына келтирилип, дыйкандарга сугат суу үлгүлтүксүз бериле баштады.

Атап айтканда:

Ноокат районунда “Күнгөй”, “Сапарбаев-2”, “Ходжа”, “Старый Грей-Шорон” чарба аралык каналдарында сел-кыяндан улам кыйроолорго учурап, атайын техника тартылып шилендилерден тазалоо жумуштары аткарылып, учурда сугат суу берилүүдө.

Араван районунда “Найман-Головной”, “Мазар-Арык”, “Сандык”, “Мечит”, “Жаңы-Арык” жана “Араван-Сай” чарба аралык каналдарында сел-кыяндан улам кыйроолорго учурап, шилендилерден тазалоо жумуштары аткарылып, учурда сугат суу берилүүдө.

Ош башкы суу чарба башкармалыгынын “Отуз-Адыр”, “Араван-Ак-Буура” чарба аралык каналдарында сел-кыяндан улам кыйроолорго учурап, шилендилерден тазалоо жумуштары аткарылып, учурда сугат суу берилүүдө.

Show More
Back to top button